Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч жакшылык көрбөө, оңолуп кете албоо, жарыбоо, өтө начар абалда болуу. -Кептин баары ошо этеги тизесине жетпеген куу туяк Молдодо (Бейшеналиев). Өмүрү этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей, кадам сайын бутуңдан каргыш чалып, куурап жүрүп өт (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч жакшылык көрбөө, оңолуп кете албоо, жарыбоо, өтө начар абалда болуу. – Кептин баары ошо этеги тизесине жетпеген куу туяк Молдодо (Бейшеналиев). Өмүрү этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей, кадам сайын бутуңдан каргыш чалып куурап жүрүп өт (Байтемиров). В.: Этеги толорсугуна жетпөө. Ал деле этеги толорсугуна жетип жыргап кеткен жери жок («Чалкан»). Этеги жерге жетпөө. Ысактын деле этеги жерге жеткен жери жок («Ала-Тоо»). Этеги такымына жетпөө. Этеги такымына жетпеген куур тондор төбөгө чыкты го? (Каимов). Этеги узарбоо. Жарытылуу эмгек кылып, маңдайыңдан тер чыкпай этегиң өзү эле узарбайт («Ала-Тоо»). Этеги эки болбоо. Көлгө барганыңар менен этегиңер эки болбойт, – деп бизди азгыра баштады (Турусбеков). Ошондо деле этегим эки болгон жок («Ала-Тоо»).